Menu

Орусия Жеңиш күнүнө карата ардагерлерге Казакстанга караганда 17 эсе аз акча берет

Бөлүшүү:

Апрелдин аягында Орусиянын Пенсия фонду ардагерлер 9-майга карата 10 миң рублдан ала турганын билдирген. Кыргызстанда ардагерлерге 70 миң сом, Өзбекстанда согуш ардагерлерине 10 миллион сум же 86 миң рубль берилет. Казакстанда ардагерлердин ар бири бир миллион теңге – 175 миң рубль алат.

Znak.com басылмасы белгилегендей, төлөмдүн көлөмү Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлеринин санына байланыштуу болушу ыктымал. Орусияда 9-майга карата жөлөк пулду 33 миң, Өзбекстан менен Казакстанда болсо 1000дей киши алат. Кыргызстанда 146 ардагер бар.

«Независимая газета» басылмасы соңку жылдары Орусия мурдагы советтик республикаларга караганда Жеңиш күнүндө ардагерлерге аз акча берип жатканын жазды. Маселен, былтыр Молдова ардагердерге Орусияга караганда төрт эске көп жөлөк пул берген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: