Menu

Ташкентте өлкөдөгү эң ири мечиттин мунараларын бузуу токтотулду

Бөлүшүү:

Ташкентте соцтармактардагы нааразылыктан кийин кайрымдуулуктан түшкөн акчага курулуп жаткан «Исламабад» мечитинин мунараларын бузуу токтотулду.

Курулушчулардын айтымында, 1-майда Ташкенттин мэри Жахонгир Артыкхожаевге таандык Discover Invest фирмасынын жумушчулары мечиттин төрт мунарасынын экөөнү буза башташкан.

Мунаранын ар биринин узундугу 63 метрди түзөт. Мечиттин кызматкерлери фирманын жумушчулары мунараларды бузууга уруксат берген бир да документ көрсөтүшпөгөнүн белгилешти.

Өзбекстандын Курулуш министрлигинин өкүлү 3-майда мунараларды бузуу токтотулганын тасыктап, бирок буга чейин эмне себептен демонтаж иштери башталганы боюнча комментарий берген жок.

Курулушу 2019-жылы башталган «Исламабад» мечитин быйыл жыл соңуна чейин бүткөрүү пландалган. Ал өзүнө 13 миң кишини батырат жана Өзбекстандагы эң ири диний жай болот.

Расмий маалыматтарга караганда, Өзбекстанда акыркы үч жылда 256 мечит курулган, 308 мечит капиталдык ремонттон өткөн. Ушул тапта дагы 218 мечит жаңы долбоор боюнча реконструкцияланууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: