Menu

RFI Африкадагы орус жалданма аскерлеринин кылмыштары жөнүндө иликтөө жарыялады

Бөлүшүү:

RFI француз басылмасы орусиялык жалданма аскерлердин Борбордук Африка Республикасында жасаган кылмыштары жөнүндө иликтөөсүн жарыялады.

Кеп Борбордук Африка Республикасында өкмөт тарабында согушуп жаткан үч аскердик топ: “Вагнера” ЧВКсы, Sewa Security Services жана Lobaye Invest SARLU жөнүндө болуп жатат.

RFI басылмасынын маалыматына караганда, бул топтордун катышуучулары карапайым кишилерди өлтүрүп, зордуктоо жана каракчылык иштерин жасашууда.

БУУнун жумушчу тобунун Африкадагы жалданма аскерлерди колдонуу жөнүндөгү баяндамасы материалда негизги маалымат булагы катары көрсөтүлгөн. Анда быйыл январдан апрелдин ортосуна чейин эле орусиялык аскерлер 26 жолу сотсуз өлүм жазасына тартуу, 5 жолу топтошкон зордуктоо жана 27 жолу мыйзамсыз кармоо жана сурак учурунда кыйноо көрсөтүү иштерине барышканы камтылган.

Иликтөөдө январдын башында азык-түлүк ташып бараткан жүк ташуучу унаанын аткыланганы, үч жай тургундун өлгөнү, февралдын ортосунда мечитте үч карапайым тургундун өлүм жазасына тартылганы жана 25-февралда 24 жаштагы кыздын топ аскердин зордуктоосуна кабылганы кеңири сүрөттөлгөн.

Орусиянын Борбордук Африка республикасындагы элчилиги бул материал боюнча комментарий бере элек. Буга чейин элчилик БУУнун жумушчу тобунун баяндамасын “кызыл кулактык” деп атаган.

Орусия куралдуу топтордун ич ара кармашы токтобогон Борбордук Африка Республикасы менен расмий түрдө кызматташат. Буга чейин Орусиянын аталган мамлекеттеги элчиси 535 жарандык инструктор жөнөтүлгөнүн, бирок алар согуштук аракеттерге катышпай турганын маалымдаган.

Африкадагы “вагнерчилердин” маселеси былтыр 31-июлда орусиялык үч журналист Борбордук Африка Республикасында киши колдуу болгондон кийин өзгөчө күн тартибине чыккан. Журналист Орхан Жемал, оператор Кирилл Радченко жана режиссер Александр Расторгуев “Вагнердин” ЧВКсынын Африкадагы изин акмалап, алар тууралуу бул өлкөдө даректүү тасма тартып жүрүшкөндө белгисиз адамдардын буктурмасына кабылышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

− 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: