Menu

Жалал-Абад ОИИБдин кызматкерлери Баткенде кызмат өтөшүүдө

Бөлүшүү:

Жалал-Абад ОИИБдин, шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жана ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлер Баткен жергесинде кызмат өтөшүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Чек арага байланыштуу ок атышуу башталган кезде жолго чыгышып, көптөгөн жоготууларга учураган Лейлек районунун Арка айылында коомдук тартипти көзөмөлгө алышууда.

Ок атышуу токтой элек учурда Жалал-Абад ОИИБдин начальниги, милициянын полковниги Ашим Тагаев жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, провокациялык кадамдарга барбоого чакырган. Ошондой эле өздүк курамдын башында өзү туруп, алардын аткарып жаткан жумуштарын, жашоо шарттарын көзөмөлгө алууда.

Жалал-Абад ОИИБдин кызматкерлери күндүзгү учурларда жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, түнкү учурда кайгулдоо багыттарына чыгышууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

− 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: