Menu

Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында Өкмөт астында уюштурулган «Баткенге көмөк» штабы өз ишин токтотот

Бөлүшүү:

Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү астында уюштурулган «Баткенге көмөк» штабы өз ишин токтотот. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

“Баткенге көмөк” штабы Баткен облусунун жабыркаган тургундарына көмөк көрсөтүү чакырыгына жооп кайтарган жалпы физикалык жана юридикалык жактарга ыраазычылыгын билдирет.

Мурда келип түшкөн бардык гуманитардык жардам Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин унаа транспорту менен Баткен облусуна жеткирилет.

«Баткенге көмөк» штабы төмөндөгүлөргө өзгөчө ыраазычылык билдирет:

Чынгыз Алкановго, Адилет Ногойбаевге, Бекназар Асановго, Бермет Төлөгөновго жана «Падишах» ресторанына, «Kaynar Group» ресторандар тармагына, «Bellagio» кофейня тармагына, «Sheraton» мейманканасына, «ШНОС» ЖЧК, «Партнер Нефть» ЖЧК, «Фрунзе» гипермаркеттер тармагына, «Nomad ордо» ЖЧК, «Pablo bar» барына, «Насип» ресторанына, «Энактас Кыргызстан» коомдук бирикмесине, «Elite House» ЖЧК, «Прод Импекс» ЖЧК, «Соса Cola» ЖАК, «Kepka kg» эркектер кийими дүкөнүнө, «Шоро» ЖАК, «Азия Экопродукт» ЖЧК, «Кыргыз Юнион» коомдук бирикмесине, «Биздин Бишкек» кыймылына, жаштар парламентине, «Аракет» ыктыярдуу элдик дружинасына, Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл жарым ай коомуна, автоволонтерлор мобилдик бригадасына, Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын студенттерине, ошондой эле Баткен облусунун жабыркаган жарандарына колдон келген жардамын аябаган бардык кош көңүл эмес жарандарга жана уюмдарга ыраазычылык билдирет.

Буга катар белгилесек, гуманитардык жардам чогултуу улантылат жана ал жер-жерлерге берилет. Бишкек шаарында гуманитардык жардам чогултуу, аны эсепке алуу жана жөнөтүүнү Бишкек шаардык мэриясы координациялайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: