Menu

Баткен ОИИБи: Милициянын көчмө кабылдамалары кошумча тартылды

Бөлүшүү:

Баткенге милициянын көчмө кабылдамалары кошумча тартылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Баткен, Лейлек райондорундагы чек ара тилкелеринде чыккан ок атышуулардан улам жергиликтүү тургундар 29-30-апрель күндөрү милиция кызматкерлери тарабынан коопсуз жерлерге эвакуацияланып көпчүлүк турак-үйлөр бош калган. Азыркы күндө жергиликтүү тургундар өз аймактарына келип жашап жаткандыгына байланыштуу милиция кызматкерлери алардын коопсуздугун сактоо багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, арыз-кайрылууларын кабыл алышууда.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын ИИМнин буйругу менен Ош, Жалал-Абад областарындагы милициянын көчмө кабылдамалары кошумча жардамга келишип, жергиликтүү элге жардам берүүдө.

Милициянын көчмө кабылдамасында милиция кызматкерлери менен биргеликте, дарыгер, психологтор иш алып барышууда.

Азыркы күндө Баткен, Лейлек райондорундагы чек ара аймактарында абал туруктуу, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: