«Бул кыйынчылыктан да жолун таап чыгып кетебиз. Болгону күнү-түнү дебей талыкпай эмгектенели», — деп белгиледи бүгүн, 5-майда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуусунда.
Мамлекет башчысы экономикадагы абдан оор кырдаалга кыскача токтолуп, бюджеттин тартыштыгы 20 миллиард сомду түзгөнүн, пандемиянын кесепетинен азыркы күнгө чейин бардык өлкөлөр менен соода-сатык токтоп турганын белгиледи.
«Атпай журт айттырбай туюп, көрүп-билгенди мен да байкап, көрүп-билип турам. Ошол эле учурда, азыркыдай экономикалык абдан оор кырдаал, кризистик жагдай мага чейинки бир дагы президенттин шыбагасына жазылган эмес», — деди Президент, кыргызстандыктарга кайрылып жатып.
Ошол эле убакта өткөндү жамандап, күнөөлүүлөрдү издегиси келбегенин, анткени эл кимдин ким экенин ансыз деле жакшы билерин айтты.
«Биз эгемендүүлүккө жетишкен жылдары оңго-солго урунуп, изденүүнүн жолунда болдук. Бирок тарых тарабынан бизге изденүү үчүн чегерилген убакыт аяктады. Бүгүнкү кайрылуу менен калк алдына чыгардан оболу, эл-журт, ошонун ичинде экономика тармактарындагы адистер, ардагерлер менен ондогон жолугушууларды өткөрдүм. Мен карапайым элдин, жумурай журттун ой-санаасын, өлкөбүздөгү окуяларга карата көз карашын билгим келди. Андыктан, азыркы кайрылуумду коллективдүү ой-толгоонун корутундусу, эл-журттун үмүт-тилегинин жалпылаштырылган жобосу деп атасак да жарашат. Президент катары менин убактым өтө аз экенин жакшы түшүнүп турамын», — деп билдирди Садыр Жапаров.
Президент эгемендүүлүккө ээ болгондон берки акыбалды төмөндөгүдөй сыпаттады:
— элибиздин салт-санаасынын, маданий жана рухий дөөлөттөрдүн деградацияга кириптер болушу;
— коомубуздун чар-жайыттыгы;
— мамлекетти башкаруу системасы сенектикке учурашы;
— экономика чабал;
— өлкөбүздүн сырткы күчтөрдөн, асыресе ресурстардан жана таасир этүүчү борборлордон көз карандылыгы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ