Menu

Өзбекстанда блогер Отабек Сатториге 11 жылдык жаза суралды

Бөлүшүү:

4-майда Сурхандарыя облусунун Музрабат райондук сотундагы отурумда прокурор блогер Отабек Сатторини 11 жылга эркинен ажыратууну өтүндү.

Ал айыпталуучу күнөөсүн мойнуна албаганын жана жабырлануучуларга келтирилген чыгымды төлөп бербегенин белгилеп, бул иште жеңилдетүүчү жагдайлар болбошу керектигин билдирди.

Кийинки сот отуруму 10-майга белгиленди.

Telegram жана YouTube каналдары аркылуу «Эл пикири» деген видеоблог алып барган 40 жаштагы Саттори жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сындап жүргөнү менен белгилүү. Ал 30-январда Термез шаарында опузалап акча талап кылууга шек саналып кармалган. Марттын башында блогерге «Ушак таратуу» жана «Кемсинтүү» беренелери боюнча жаңы айыптар тагылганы кабарланган.

Буга чейин бир катар эл аралык уюмдар Отабек Сатторини эркиндикке чыгарууга чакырышкан. Алар блогерге каршы кылмыш иштери коррупциялык көрүнүштөрдү жашыруу максатында ойдон чыгарылган деп эсептешүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: