Menu

Чек ара жаңжалында тажик тараптан каза тапкандардын саны 20га жетти

Бөлүшүү:

“Эркин Европа” радиосу 5-майда чек ара жаңжалынан каза тапкан дагы эки кишинин аты-жөнүн аныктады. Алар Исфара шаарынын Чоркух жамаатынын тургуну, 37 жаштагы Хакимбой Ниёзов менен 20 жаштагы жоокер Нусратулло Набиев экени белгилүү болду.

Чоркух жамаатынын башчысы Шукурхон Насриев кыштактын эки жашоочусунун өлгөнүн тастыктады. Анын айтымында, Нусратулло Набиев армияда кызмат өтөп жаткан. Чек арадагы жаңжалдан дээрлик бир апта өткөнү менен тажик өкмөтү азыркыга чейин өлгөндөрдүн жана жаракат алгандардын тизмесин жарыялай элек. Ошол эле маалда каржылай чыгымдар эсептелип, бузулган жана өрттөлгөн имараттарды калыбына келирүүгө тапшырма берилген.

“Эркин Европа” радиосу 4-майда Нурабад районунун аткаминерлерине шилтеме жасоо менен бул аймактан чыккан 20 жаштагы чек арачы Аслиддин Абдузаманов менен 26 жаштагы чек ара офицери Абдуллах Саидов 29-апрелде мерт болгонун жана алардын сөөгү 1-майда жерге берилгенин жазган.

“Эркин Европа” радиосунун эсеби боюнча муну менен чек ара жаңжалында каза тапкан тажикстандык жарандардын саны 20га жетти. Бул арада 88 киши жаракат алганы айтылууда.

28-30-апрель күндөрү Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чыккан куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын расмий саны 36га жетип, 189 киши жараат алды. Каза тапкандардын үчөө аскер кызматкери. Үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 58 миңге чамалады.

Баткен жана Лейлек райондорунда бери дегенде 11 айылда турак жайлар талкаланып, өрттөлдү. Жаңжалда жабыр тарткан тажик айылдарына барган журналисттер Кожалы (Хожа Аъло) айылындагы бузулган, өрттөлгөн үйлөрдүн сүрөттөрүн жарыялашууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: