АКШнын президенти Жо Байден америка-орус саммитин июнда, Европага сапары маалында өткөрүүгө даяр экенин билдирди.
“Мен буга үмүттөнүп, ишенип турам. Биз бул маселенин үстүндө иштеп жатабыз”, – деди Байден журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Жо Байден президент катары өзүнүн алгачкы чет өлкөлүк сапарын Улуу Британиядан баштайт. Анда ал 11-13-июнь күндөрү өтө турган «Чоң жети» уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын жолугушуусуна катышат. 14-июнда Брюсселде НАТОго мүчө өлкөлөрдүн саммитине барып, андан соң Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен жолугат деп күтүлүүдө.
Америка-орус саммитин өткөрүүнү Байдан апрелде сунуштаган. Ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен үчүнчү өлкөдө жолугуп, эки өлкөнүн мамилесиндеги чыңалууну жаратып жаткан маселелерди талкуулоого даяр экенин билдирген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ