Menu

Фото – Бишкекте аймактардын жашоочуларын дарылоо үчүн мобилдик клиникаларды тапшыруу иш-чарасы болуп өттү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, өлкөнүн алыскы райондорунун жашоочуларынын медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине беш мобилдик клиниканы тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы  билдирди.

Иш-чарага КР саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Норвегиянын «NORMEKA AS» компаниясынын жетекчиси Ян Карлсен жана медицина кызматкерлери катышты.

Мамлекет башчысына маалымдашкандай, Ислам өнүктүрүү банкы «Фаель Хайр» программасынын алкагында бир катар мусулман өлкөлөрүнүн айылдарына мобилдик клиникаларды алып берип, колдонуусуна кайрымдуулук салымын кошкон. Кыргызстан бул долбоор ишке ашырылган биринчи өлкө болду. Ислам өнүктүрүү банкы бул долбоорду ишке ашыруучу катары тендер аркылуу Норвегиянын «NORMEKA AS» компаниясын тандап алган. Бул компания мобилдик клиникаларды чет өлкөлүк заводдордо өндүрүп, Кыргызстанга жеткирген.

Кыргызстан бул долбоор ишке ашырылган биринчи өлкө болду. Ислам өнүктүрүү банкы бул долбоорду ишке ашыруучу катары тендер аркылуу Норвегиянын «NORMEKA AS» компаниясын тандап алган. Бул компания мобилдик клиникаларды чет өлкөлүк заводдордо өндүрүп, Кыргызстанга жеткирген.

Президент иш-чаранын катышуучуларына сүйлөгөн сөзүндө жеке өзүнүн жана жалпы кыргызстандыктардын атынан Ислам өнүктүрүү фондуна жана «Фаель Хайр» фондуна кайрымдуулук жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров мобилдик клиникалар заманбап медициналык шаймандар менен жабдылганын жана бардык талаптарга жооп бере тургандыгын белгиледи.

Мамлекет башчысынын айтымында, мобилдик комплекс биринчи кезекте Баткен облусунун бийик тоолуу райондоруна жана алыскы айылдарына берилет. Жети айдын ичинде дарыгерлер өлкөнүн жети облусун тең кыдырып, андан кийин кайрадан Баткенге кайтышат.

Долбоор 5 жылга эсептелген жана донорлор ушул убакыттын ичинде миниклиниканы тиешелүү дары-дармектер, шаймандар жана күйүүчү май менен, ал эми дарыгерлерди эмгек акы менен камсыз кылышат. Жакынкы жылдары ушундай болгон дагы бир нече комплекстердин келиши күтүлүүдө.

Мобилдүү клиниканын бир врачтар үчүн кабинеттер, анализ жүргүзүү үчүн лаборатория, компьютердик томограф жана маммограф, операциялык блок, рентген-шайманы, гастроскоп, мобилдүү скрининг борбору жана башкаруу борбору бар.

Ошондой эле мобилдик клиниканын курамында калкты ташуу үчүн Mercedes-Benz Sprinter кичи автобустары, анын ичинде C класстагы тез жардам унаасы бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: