Menu

Фото – Абдикарим Алимбаев алгачкы иш сапарын “Головной” башкы суу бөлүштүрүүчү жайдан кабар алуудан баштады

Бөлүшүү:

КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен районунун  Ак-Сай айыл аймагындагы, “Ак-Суу” дарыясында жайгашкан, мамлекеттик стратегиялык мааааниге ээ болгон, “Головной” башкы суу бөлүштүрүүчү жайынын абалынан кабар алды. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек  башкы суу бөлүштурүүчү жайга 28-апрелде тажик тарап видеокөзөмөл орнотуп, андан улам нааразычылыктар пайда болуп, куралдуу кагылышуулар мына ушул жерден тутанган. 

Өкүл Көк-Терек айылында да  болду. 85 жаран жашаган аталган айылда, 29-апрелде болгон окуяда, 17 үй толугу менен өрттөнгөн.

Абдикарим Алимбаев андан ары Көк-Таш айылынын жергиликтүү тургундары менен жолукту. Облус башчысы биринчи кезекте облустагы түзүлгөн кырдаалды толук турукташтыруунун үстүндө иш алып барылаарын, чек ара аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоого өзгөчө маани берилээрин белгиледи. 

Ошондой эле жабыр тарткан жергиликтүү тургундарга, мамлекет тарабынан бардык жардамдар көрсөтүлөөрүн, жараксыз абалга келген социалдык обьекттер жана турак үйлөрдү калыбына келтирүү иштери башталаарын билдирди. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: