Menu

Аркадий Дубнов кыргыздарды Тажикстандан депортациялоо тенденциясын “өтө кооптуу” деп атады

Бөлүшүү:

Борбор Азия чөлкөмү боюнча эксперт Аркадий Дубнов “Коммерсантъ” басылмасына берген маегинде, этникалык кыргыздардын Тажикстандан депортацияланышын “өтө кооптуу” деп атады. Ал Кыргызстанда деле тажиктер жашаган чакан айылдар бар экенин белгиледи.

“Кыязы, бул Душанбенин директивасы эмес, жергиликтүү бийликтин демилгеси. Бирок, бул фактылар ушул чакан согуштун натыйжасында пайда болгон жек көрүүчүлүк атмосферасы жөнүндө айтып турат”, – деди ал.

Дубнов айткандай, Тажикстандагы кыргыздардын көпчүлүгү тарыхый мекенине көчүп барууга кубанычта болушат, бирок алар дыйканчылык менен алектенгендиктен, жерге байланышкан. Тажикстандагы жер тилкесин сатып, ошондой эле жерди Кыргызстанда сатып алуу ар дайым эле мүмкүн боло бербейт. Эксперттин айтымында, эки мамлекеттин ортосундагы жаңжалды жөнгө салууга дагы деле мүмкүнчүлүк жок жана азырынча эң жакшы вариант – аны жөн гана тоңдуруп коюу.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын аймагында убактылуу же туруктуу жашаган Кыргызстандын жарандарын өлкөдөн чыгаруу фактылары боюнча кабардар экенин айткан жана бул тууралуу маалымат 2021-жылдын март айында эле келе баштаган.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги бир катар кыргыз маалымат каражаттарында жарыяланган Лахш аймагында этникалык кыргыздарга карата паспорттук көзөмөл күчөтүлдү деген маалыматты четке какты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: