Menu

Швейцариядагы кыргыз жарандары БУУнун алдына акцияга чыгышты

Бөлүшүү:

5-майда Швейцарияда жашаган бир нече кыргызстандык Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Женева шаарындагы имаратынын алдына чогулуп, эл аралык коомчулукту кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалга көңүл бурууга чакырышты.

Акциянын катышуучулары колдоруна «Тажикистандын жай тургундарга каршы курал колдонушу согуштук кылмыш болуп саналат!», «Чек ара чатактары тынчтык жолу менен гана чечилсин!», «Эл аралык иликтөө жүрүшүн талап кылабыз!», «БУУ, ЕККУдан эл аралык иликтөө талап кылабыз!», «Курал колдонууга жол жок!» деген жазууларды кармап турушту.

Акциянын уюштуруучуларынын бири Чолпон Орозобекованын айтымында, катышуучулар “Amnesty International” жана “Human Rights Watch” укук коргоо уюмдарына да кайрылып, аларды соңку чатакты тыкыр иликтеп, кагылышуунун хронологиясын түзүп чыгууга үндөштү.

«Швейцариядагы кыргызстандыктар жай тургундарга каршы оор куралдардын колдонулушун кескин сынга алабыз. Бул оор кылмыш болуп саналат. Мындай куралдуу кагылыш кайталанбашы үчүн эл аралык иликтөө керек. Ошондой эле БУУ, ЕККУ жана Евробиримдик баш болгон эл аралык коомчулуктан жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүүгө, эң башкысы Тажикстан жана Кыргызстандын ортосундагы суу жана чек ара маселелеринин тынчтык жолу, дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу чечилишине салым кошууга чакырабыз», – деди Чолпон Орозобекова.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку чек ара чатагына эл аралык коомчулуктун көңүл бурууга чакырган акциялар 2-майда Британиянын баш калаасы Лондондо, Германиянын Берлин, Гамбург, Франкфурт жана Мюнхен шаарларында, 3-майда АКШнын Нью-Йорк, Сан-Франциско шаарларында, 4-майда Италиянын баш калаасы Римде да өткөн.

28-30-апрелде жана 1-майда болгон, ондогон адамдардын өмүрүн алган чек ара чатагы боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын Башкы прокуратуралары бири-бирин «агрессияга барды» деп айыпташты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: