Menu

Түркмөнстанда ардагерлер президенттен ала турган белектер үчүн өздөрү акча төлөшөт

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын Лебап облусунда Жеңиш күнүнө карата президенттин атынан бериле турган белектер үчүн тылда эмгектенгендер менен Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлеринен акча чогултулууда.

«Эркин Европа» радиосунун түркмөн кызматынын маалыматына караганда, бийлик жергиликтүү акимчиликке кайрылган ардагерлердин балдары менен неберелерине акча чогултуу боюнча расмий түшүндүрмө берген эмес.

Лебап облусундагы ардагерлер былтыр да жеңиштин 75 жылдыгына карата алган белектери үчүн өз чөнтөктөрүнөн акча төлөшкөн.

Анонимдүү булактардын айтымында, ардагерлерге бериле турган белектер чогултулган каражатты актабайт. Анткени бийлик топтолгон акчанын бир бөлүгүн башка чыгымдар үчүн деп кармап калат.

Быйыл Түркмөнстанда согуштун ардагерлерине бериле турган акчалай төлөм менен баалуу белектердин өлчөмү ачык айтылган жок.

2017-жылы РСЕ/РС мурдагы СССР өлкөлөрүндө Жеңиш күнүнө карата Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлерине канча акча берилгенин эсептеп чыккан. Ага ылайык, Борбор Азияда бир жолку төлөмдүн суммасы боюнча Казакстан лидер болуп, ар бир ардагерге 1570 доллардан төлөгөн. Акыркы орунда Түркмөнстан жайгашып, ар бир ардагерге 26 доллардан берген.

Түркмөнстанда согуштун канча ардагери бар экени боюнча ачык булактарда маалыматтар жок. Өлкөдө президенттин атынан белектерди берүү көрүнүшү пропагандалык мүнөзгө ээ.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

30 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: