Menu

«Күнөөсү жок». Петербург метросундагы жарылуу боюнча соттолгон Шохиста Каримованын тагдыры

Бөлүшүү:

2017-жылы болгон Санкт-Петербург метросундагы жарылуу иши боюнча 20 жылга соттолгон 49 жаштагы өзбекстандык Шохиста Каримованын күнөөсү жок. Бул тууралуу кылмыш ишинин материалдары менен таанышып чыккан Санкт-Петербург шаарынын тургуну Елена Бабинцева билдирди.

Ал Каримова менен эки жыл бою интернетте жазышкандан кийин анын эч кандай күнөөсү жок экенине көзү жеткенин айтууда.

«Эми мен анын күнөөсүз экенинен күмөнүм жок! Шохиста менен таанышкан эки жылдан бери анын психологиялык портретин түзүп, кылмыш ишинин бардык материалдары менен толук таанышып чыктым. Мындан тышкары жардыруу тууралуу тасмаларды көрүп, көптөгөн карама-каршылыктарды байкадым. Андан соң сот өкүмүн окуп чыктым, ал жакта да дал келбестиктер көп экен», — деди ал.

Прокуратура Каримованы террористтерге мобилдик телефону менен колдонууга уруксат берген деп айыптаган. Узакка созулган соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө Шохиста күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Facebook социалдык түйүнүндө «Шохиста Каримованы колдоо тайпасы» бар. Адвокаттар анын иши Страсбургдагы Адам укуктары боюнча жогорку сотко жетет деп үмүттөнүшүүдө. «Мемориал» укук коргоо борбору Каримова «саясий негиздер менен камалганын» билдирген.

2019-жылы Петербург метросундагы жарылуу боюнча жалпысынан Кыргызстандан, Өзбекстандан жана Тажикстандан барган 11 мигрант узак мөөнөттөргө соттолгон. Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучулар кыйноого алынып, көптөгөн тергөө эрежелери одоно бузулганы, сот аларга көңүл бурбаганы бир нече жолу кабарланган.

Кыргызстанда туулуп, кийин Орусиянын жарандыгын алган бир тууган Аброр жана Акром Азимовдорго бул иштин алкагында терроризм менен курал-жарак сактоо айыбы тагылган. Сотто алар жалган жалаага кабылып, айыпты моюнга алган баштапкы көрсөтмөлөрүн кыйноо алдында жазышканын айтышкан.

2017-жылы 3-апрелде болгон Санкт-Петербург метросундагы жарылуудан 16 киши каза болуп, 103 киши жаракат алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: