Menu

ИИМ: 6-майга карата Баткен облусунун аймагында абал туруктуу

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-майга карата Баткен облусунун аймагында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул аралыкта чек арага чектеш аймактарда түнкүсүн ок атышуулар менен башка окуялар катталган жок. Чек ара тилкелеринде милициянын атайын кайгуул топтору жергиликтүү тургундарга ар кандай укук бузууларга жол берөө керектигин түшүндүрүүдө. Чек арага чектеш аймактагы коопсуздукту милиция менен бирге, ички аскерлер менен башка күч түзүмдөрү көзөмөлдөөдө. Андан сырткары, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда келтирилген бардык чыгымдарды эсептөө жана иликтөө иштерин сапаттуу жүргүзүү максатында жеринде 48 ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат.

Баткен ОИИБдин өздүк курамы жана бул аймакка тартылган ИИОнун кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: