Бүгүн, 6-майга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 320 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 246, Ош – 8, Чүй облусунан – 31, Ош облусунан – 1, Талас облусунан – 3, Нарын облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 16, Жалал-Абад – 11, Баткен – 2. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 97 278 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 217 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 90 611ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 149, Ош шаарынан – 8, Чүй облусунан – 49, Ош облусунан – 1, Талас облусунан – 1, Нарын облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 4, Жалал-Абад облусунан – 3.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 3. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1640ка жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ