Menu

Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча маалымат угат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча маалымат угууну сунушташты.

Депутат Абдывахап Нурбаев чек ара боюнча маселени күн тартибине киргизүүнү сунуштап, Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети бул маселени караганын белгиледи.

Абдывахап Нурбаевдин сунушун бир катар депутаттар колдоду.

Шайлообек Атазов бир эле Баткен элинин эмес, бүткүл Кыргызстандын аброю төгүлгөнүн айтты.

“Коргоо министри, чек ара кызматынын өкүлүн, ички иштер министрин чакыруу керек. Элден айланса болот. Эл тарабынан гуманитардык жардамдар келип жатат. Мигранттар дагы жардам берип жатышат. Элибиздин берген акчасын көзөмөлдөгөн комиссия түзүү керек”, – деди ал.

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү учурда чиновниктердин бардыгы Баткен облусунда экендигин белгилеп, маселени кароону башка күнгө жылдырууну сунуштады.

Депутат Айсулуу Мамашева кечээ күнү Конституцияга кол коюу салтанатына өкмөттүн бардык мүчөлөрү келишкенин белгилеп, Баткендеги чиновниктер онлайн түрдө байланышка чыгып, маалымат беришин талап кылды.

Эл өкүлү Сайдулла Нышанов министрлер кабинетинин төрагасынын маалыматын жабык эшик артында угууну сунуштады.

“Талкуу болсо ачык өтсүн. Мындай суроолорду биз ар дайым жабык эшик артында угабыз, бул туура эмес. Талкууну ачык режимде өткөрүүнү сунуштагым келет”, – деп кошумчалады ал.

Натыйжада, 82 депутат министрлер кабинетинин  кыргыз-тажик чек арадагы жаңжал боюнча маалыматын угууга добуш берди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: