Menu

ИИМ: Чек арадагы окуяда жаракат алган ИИМдин кызматкерлери медициналык жардамдарды алууда

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ички иштери министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун тапшырмасы менен ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын начальниги милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков, андан сырткары ИИМдин ЭММКАКтын өздүк курамы жана түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги куралдуу кагылышуудан жаракат алган ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматчылары жана милиция кызматкерлеринин акыбалы менен танышуу үчүн Бишкек шаарындагы №4 ооруканага барып келишти. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин ЭММКАКтын жетекчилиги дарыгерлер менен маектешип, дарыланып жаткан кызматкерлердин жана жарандардын ден соолугунун акыбалын сурады. Андан сырткары, баарлашуу учурунда дарыланып жаткан милиция кызматкерлери жана аскер кызматчылары аталган окуяны көздөрүнө жаш алуу менен эскеришип, Ата Мекенин коргоо үчүн өз өмүрлөрүн жумшоого ар дайым даяр экендигин баса белгилешти.

Каргашалуу окуяда жаракат алган Баткен ОИИБдин ЭММКАКтын кызматкери Адилет Атамалиев учурда оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ооруканада оор абалда жаткан милиция кызматкеринин ата-энеси менен анын кесиптештери жолугуп, материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүштү.
Өз кезегинде милиционердин ата-энеси көңүл буруп, материалдык колдоо көрсөткөндөрү үчүн ыраазычылыгын билдиришип, өлкөбүздө ар дайым тынчтык, бейпилдик өкүм сүрүшүн каалашты.

Беймарал сүйлөшүү учурунда жаракат алган кызматкерлерге ар тараптан колдоо көрсөтүү өлкөнүн жетекчилигинин көзөмөлүндө экендиги айтылды. Ошондой эле, мекенин коргоодо эрдик көрсөткөндүктөрү үчүн кызматкерлерге ички иштер министрлигинин атынан ыраазычылыктар айтылып, тез арада сакайып кетүүлөрүнө тилектештигин билдиришти. Жаракат алган бардык кызматкерлерге азык-түлүк продуктулары дагы тапшырылды.

Азыркы учурда жаракат алган кызматкерлер зарыл болгон бардык медициналык жардамдарды алууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: