Menu

Ысык-Ата районунда жашы жете элек балага бычак саюуга шектүү кармалды

Бөлүшүү:

Ысык-Ата районунда жашы жете элек балага бычак саюуга шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-май күнү болжол менен саат 19:00 чамаларында Ысык-Ата РИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, 2003-жылы туулган бала бычактан алган жараактынан улам жаткарылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул маалыматтын негизинде дароо Ысык-Ата РИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышкан. Териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда жабырлануучунун апасы 1977-жылы туулган М.Л. милицияга арыз жазып, бейтааныш эркек киши мас абалында пикир келишпестиктен улам баласына бычак сайып жиберип, белгисиз тарапка из жашырып кеткенин айтып, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 139-беренеси (Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Бул кылмыштын бетин ачуу үчүн Чүй облусунун ИИББнын жана Ысык-Ата РИИБдүн кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында болжол менен шектүүнүн өзүгү такталып, анын жашаган жери аныкталган. Бирок, ал үйүнө келбей из жашырып жүргөндүктөн, коомдук жайлар, каралбай калган имараттар, мейманканалар жана башка аймактарда издөө иштери жүргүзүлгөн.  Чүй облусунун ИИББдүн жана Ысык-Ата РИИБдүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1962-жылы туулган М.Н. тааныштарынын биринин үйүндө милиция кызматкерлеринен жашырынып жүргөн жеринен кармалган.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: