Menu

Таабалды Тиллаев, ЖК депутаты: “Баткендин тургундарына 50 же 100 үй салып берүү менен маселе чечилбейт”

Бөлүшүү:

Баткендин жабыркаган тургундарынын үйлөрүн калыбына келтирүү менен маселе чечилбейт. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда депутат Таабылды Тиллаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал Баткен облусундагы кырдаалды ачык талкуулап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну сунуштады.

“Чек ара маселесин кароо ачык өтүшү керек. Муну 5 жылдан бери айтып келем. Маселени ачык кароону бир да жолу колдогон жоксуздар. Күнөө өзүбүздө деле бар. Ошондо биз коркпой маселени ачык карасак, мүмкүн кечээ болгон окуялар болмок эмес. Мындан ары жөн эле угуп койбой, өкмөт Баткенге атайын статус берген жатат, ошол боюнча программаларды уксак”, – деди депутат.

“Баткендеги айылдарга элдер барып жашайбы, жашабайбы (?) бул экинчи проблема болуп жатат. Ал жакка ишкердин же депутаттын барып үй салып бергени менен маселе чечилбейт. Жергиликтүү тургундар алардын артында мамлекет турарына ишениши керек. Эгерде биз мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калгыбыз келсе, анда ал жерге заманбап айылдарды куруп, ал жерде элибиз кылымдап көчпөй турган шарттарды түзүп беришибиз керек. 50 же 100 үй салып берүү менен маселе чечилбейт”, – деди эл өкүлү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: