Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү парламент жыйынында Баткендеги окуя боюнча маселени өкмөт өкүлдөрүнүн катышуусунда карайлы дегенге каршы болуп, кийинкиге калтыралы деп жатат. Кечээ, жаӊы Конституцияга кол коюлган иш-чарага баардык министрлер катышты. Эмне, Баткен маселеси андан маанилүү эмеспи? Чек ара чатагынан жабыр тарткан жергиликтүү калкты ойлошубуз керек да. Бул тууралуу депутат Айсулуу Мамашова Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.
«Өкмөт мүчөлөрү азыр Баткенде жүрөт деген шылтоонун кереги жок. Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын себептерин, анын кесепеттерин жоюу жаатында көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө парламент жыйынынын күн тартибине сөзсүз киргизип, тийиштүү өкмөт өкүлдөрүнүн маалыматын угушубуз керек. Суроолор көп. Калк арасында ар кандай сөздөр жүрүп жатат, аларды азыртан тактап алышыбыз керек», – деп кошумчалады депутат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ