“Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.
Анын айтымында, ал суракка күбө катары барат. Жеңиш Молдокматов кайсы иш боюнча чакырылганы белгисиз.
“06.05.2021-ж., саат 10:00гө КР ИИМге суракка чакырылдым. ИИМдин тергөө кызматынын тергөөчүсү У.Токтогоновдон “Повестка” алдым”, – деп жазган Молдокматов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ