Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча маалымат угууну сунушташты.
Депутат Абдывахап Нурбаев чек ара боюнча маселени күн тартибине киргизүүнү сунуштап, Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети бул маселени караганын белгиледи.
Депутат Дастан Бекешев да маселени бүгүн кароону сунуштады.
“Маселени бүгүн карасак туура болот. Себеби, суроолор өтө көп болуп жатат. Бүгүн чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын билдирүүсү жарыяланды. Ал жерде маселе 1924-1927-жылдардагы карта боюнча чечиле турганы жазылып турат. А бирок, биз буга дайыма каршы болуп келгенбиз да. Ушул боюнча да суроолор жаралып жатат”, – деди депутат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ