Menu

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын жолугушуусунда эмнелер талкууланды?

Бөлүшүү:

1-2-майда Баткен облусунда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын жолугушуу болуп өткөн. Тажикстандын “Ховар” улуттук агенттиги өкмөттүк делегациялардын жолугушуусунан кийинки биргелешкен билдирүүсүн жарыялады.

Документте тараптар чек арадагы кырдаалды жөнгө салууну жана биргелешкен комиссиянын ишин жандандырууну макулдашышканы айтылат.

Тараптар №43 чек ара чекитинен №61 чек ара чекитине чейин, №135 чек ара чекитинен №141 чек ара чекитине чейинки бөлүктөрдө долбоордук тилкесин чийип чыгууну, ал үчүн 1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык чек бөлүүнүн, 1989-жылдагы паритеттик комиссиянын документтерин колдонууну макулдашкан.

Топографиялык жумушчу топторго 2021-жылдын 5-майынан 9-майына чейин жогоруда көрсөтүлгөн участоктордо долбоордун чек ара сызыгын тактап, аны жазуу тапшырылган.

Ошол эле учурда Тажикстандын Овчи Калача (Б.Гафуров району), Чорку, Сомониён, Ходжаи Аъло (Исфана шаары) аймактарында, ошондой эле Максат, Кулунду (Лейлек району), Көк-Таш, Көк-Терек, Ак-Сай (Баткен району) калкттуу аймактарында тараптардын жумушчу топтору 2021-жылдын 17-майына чейин топографиялык иштерди жүргүзө башташат жана ушул аймактарда тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасынын долбоордук сызыктарын түшүрүп башташат.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо, демаркациялоо жана мыйзамдуу жол-жоболоштуруу процесси аяктаганга чейин, жарандардын тоскоолдуксуз өтүүсү, Тажикстандын транспорт каражаттары жана товарлары ээн-эркин өтүшүн макулдашышкан. Тараптар Кожалы – Ворух айланма жолун биргелешип курушат. Тажик тарап Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтө турган автожолду колдонот жана анын абалын карап туруу милдетин өзүнө алат. Бул жолдун статусу эки мамлекеттин ортосундагы өзүнчө мамлекеттик макулдашуусу менен аныкталат.

Бул жолдун курулушун тез арада баштоо үчүн топографиялык жумушчу топторго, долбоорлоо уюмдары менен биргеликте, 2021-жылдын 1-июнуна чейин
Баткен району пайдаланган жер тилкелеринде изилдөө иштерин баштоо тапшырмасы берилет.

Ошондой эле тараптар Ворухтун чегин тактоо ишине Хожаи Аъло – Ворух жолунун курулушу бүткөндөн кийин киришүүнү макулдашкан.

Тараптар кийинки биргелешкен жыйынды Тажикстандын аймагында өткөрүүнү макулдашышты.

Билдирүүгө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов кол коюшту.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: