“МЭА” ААК Баткен облусунда жабыркаган тургундарга 2,8 миллион сомдон ашык каражат которду. Бул тууралуу “МЭА” ААКтын басма сөз кызматы билдирди.
Үрөй учурган трагедия – кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылышуу адамдардын, анын ичинде жаш балдардын өмүрүн алды. Бул жалпы Кыргызстан үчүн чоң жоготуу.
“Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын жалпы жамааты четте карап тура албай, өз ыктыярлары менен бир күндүк эмгек акыларын Баткен облусундагы кагылышууда жапа чеккен жарандарга которууну чечишти.
“МЭА” ААК 2 миллион 832 миң 956 сом суммадагы кызматкерлердин бир күндүк эмгек акысын которду.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы (Баткен облусу) куралдуу кагылышуудан жапа чеккен мекендештерге колдоо көрсөтүү үчүн ыктыярдуу салымдар үчүн атайын эсепке 2 миллион 832 миң 956 сом которулду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ