Menu

Тажикстан чек ара жаңжалында каза болгондордун расмий санын жарыялады

Бөлүшүү:

Тажикстандын бийлиги расмий түрдө кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда каза болгондордун санын жарыялады.

Согди облустук акимчилигинин маалыматына караганда, кагылышуулар маалында 19 киши өлүп, 87си жаракат алган. Мекеме каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам катары жалпы 700 миң сомони (ар бир үй-бүлөгө 70 миң сомониден) берилгенин билдирди.

Тажикстандын өкмөтү өлгөн жана жаракат алгандардын үй-бүлөлөрүнө жардам катары жалпысынан 3 миллион сомони бөлгөн.

Ал арада өлкөдө кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда зыянга учураган үй-бүлөлөргө жардам берүү боюнча каражат жана гуманитардык жардам топтоо иштери башталганы кабарланууда.

Тажик бийлиги чек арадагы чырдан 20 турак жай жана социалдык объект зыянга учураганын билдирген. Бирок социалдык түйүн колдонуучулары түзгөн тизмеде Исфарадагы Чоркух айылында 34 турак үй толугу менен же жарым-жартылай бузулганы жазылган.

28-30-апрель күндөрү Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чыккан куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын расмий саны 36га жетип, 189 киши жараат алды. Каза тапкандардын үчөө аскер кызматкери. Үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 58 миңге чамалады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: