Menu

Мурадыл Мадеминов, ЖК депутаты: “Кадамжай районунун акими болуп дайындалган бала айыл өкмөтүн да башкара албайт”

Бөлүшүү:

“Президенттин жарлыгы, өкмөттүн токтому бар, ошого ага карабастан, тестирлөөдөн өтпөй калган кадрды кечээ Кадамжайга аким кылып шайладыңар”, – деп билдирди бүгүн, 6-майда депутат Мурадыл Мадеминов  Жогорку Кеңештин жыйынында. 

“Өкмөттүн өкүлү, өзүңөр отурбай жатып мыйзамды буздуңар. Кадамжай районунун акими болуп дайындалган бала айыл өкмөтүн да башкара албайт. Эми аны 210 миң калкы бар индустриалдык аймакка аким кылып алып бардыңар. Биз элге айыл өкмөттөрдүн башчыларын, шаарлардын мэрлерин шайлаганга мүмкүнчүлүк бермейин өнүкпөйбүз “, – деди ал.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоорун биринчи окуудан карашты.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Эсенаманов З.С., Карашев А.А.

Эсиңиздерге сала кетсек, Баткен облусунун Кадамжай районунун акими болуп Кутпидин Шакиров дайындалган. Тиешелүү буйрукка премьер-министр кол койгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: