Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Кызыл-Бел, Достук, Дөбө айылдарында Ош облусунун Кара-Суу районунун милициянын көчмө кабылдамасы иш алып барып жатат. Бул тууралуу Баткен бүгүн, 6-майда ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
29-30-апрель күндөрү чек арада жайгашкан Кызыл-Бел, Достук, айылдарында тажик тараптан оор техникалык октор атылып, ондогон үйлөр талкаланып, өрттөлүп кеткен.
Азыркы күндө ошол аталган аймактарга милициянын кайгуул күзөттөрү уюштурулуп, жарандардын коопсуздугун камсыздоодо күнү-түнү иш алып барууда. Таджик тараптан атылган снаряддардын кээ бир жарылбай калган жерлерин коопсуздандыруу максатында жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин алып барышууда.
Бүгүнкү күндө аталган аймакта абал туруктуу, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ