Menu

Жо Байден COVID-19га каршы вакцинаны патенттөөдөн баш тартуу демилгесин колдоду

Бөлүшүү:

АКШнын президенти Жо Байден COVID-19га каршы вакциналарды патенттөөдөн баш тартуу боюнча Дүйнөлүк соода уюмунун сунушун колдоду.

АКШнын соода өкүлү Кэтрин Тайдын билдиришинче, саламаттык сактоо системасындагы дүйнөлүк каатчылыктан жана коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө жагдайдан улам адаттан тыш чараларды кабыл алуу талап кылынууда.

Анын айтымында, Байдендин командасы интеллектуалдык менчикти коргоонун зарылдыгына ишенет, бирок пандемия менен күрөшүү үчүн COVID-19га тиешелүү вакциналарды патенттөөдөн баш тартууну колдойт.

Коронавирус инфекциясына каршы вакциналарды патенттөөдөн баш тартуу идеясын биринчилерден болуп өткөн жылы октябрда эле Түштүк Африка Республикасы менен Индия билдирген. Алар интеллектуалдык менчик укугу вакцина менен тегиз камсыз болууга жолтоо болорун белгилешкен. Бул демилгени өнүгүп келе жаткан көптөгөн өлкөлөр колдошкон, бирок фармацевтикалык компаниялар каршы чыгууда.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебрейесус АКШ президентинин ниетин кубаттап, муну пандемия менен күрөшүүдөгү тарыхый учур деп атады.

Америкалык фармацевтикалык өнөр жайдын кызыкчылыгын коргогон топ Байдендин бул сунушун сындады. Алар мындай кадам медикаменттердин коопсуздугуна коркунуч жаратышы ыктымал деп эсептешет. Демилге вакцинаны өндүрүү жана таратуу системамасын жабыркатып, жасалма препараттардын пайда болушуна мүмкүнчүлүк жаратарын эскертишүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: