Menu

Кыргыз-казак чек арасында күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бөлүшүү:
Кыргыз-казак чек арасында күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 6-майда саат 13:07де Кыргыз Республикасынын жана Казакстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Түп районунун Каркыра айылында 5 балл, Кең-Суу, Корумду, Чоң-Таш, Байзак айылдарында 3 балл, Жети-Өгүз районунун Көк-Жайык айылында 4 баллга чейин сезилген.
Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 26 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: