Жогорку Кеӊештин депутаттары Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактан жабыр тарткан жарандарга өз эмгек акыларынан жардам берет. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, ЖК депутаттары 2021-жылдын 28-30-майында кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуу менен коштолгон чыр-чатактан жабыр тарткан жарандарга өз эмгек акыларынан 25 миӊ сом өлчөмүндө жардам берүү чечимине келишти.
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин токтому кабыл алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ