Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринен түзүлгөн отряд дагы Баткен жергесиндеги тынчтыкты, коомдук коопсуздукту сактоого салымын кошуп келе жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Өз карамагына бөлүнгөн аймактагы коомдук коопсуздукту камсыз кылышып, жергиликтүү жарандар менен тыгыз иш алып барышууда.
Кызматкерлерден турган отрядды жаӊжал болгон жерге ыкчам түрдө Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги Акылбек Мамасейитов баштап алып барып, бүгүнкү күндө ошол жерде кызмат өтөөнү улантышууда.
Ош шаарынын милиция кызматкерлери жергиликтүү элдер менен жогоруда белгилигендей бекем байланышты түзүшүп, милициянын көчмө кабылдамасы аркылуу арыз-даттануу жана сунуштарды кабыл алып жатышат.
Андан сырткары өздөрүнө бекитилген посттордо жоопкерчилик менен кызмат өтөшүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ