Menu

Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен билдирүүсү

Бөлүшүү:

2021-жылдын 1-майында Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеген Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Чектеш аймактардагы абалды талкуулоо учурунда эки тарап орун алган окуяларга өкүнүүсүн билдирип, курман болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтышты. Келечекте мындай окуяларга жол берилбеши зарыл экендиги айтылды.

Тараптар 2021-жылдын 2-майына чейин аскер түзүмдөрүн жана аскер техникасын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык тилкесинен туруктуу жайгашкан ордуна толугу менен кайтарууну ишке ашырууну макулдашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча олуттуу пикир алышуу орун алды.

Топографиялык жумушчу топторго жакын арада Мамлекеттик чек аранын калган тилкелерин жазууга киришүү тапшырмасы берилди.

Тараптар Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек аранын №43 чек ара чекитинен №61 чек ара чекитине чейин жана № 135 чек ара чекитинен № 141 чек ара чекитине чейинки тилкесиндеги долбоордук сызыгын жазууга 1924-1927-жылкы улуттук-аймактык чектеп бөлүү жана 1989-жылкы паритеттик комиссиянын документтерин жана материалдарын пайдаланууну макулдашты.

Тараптар топографиялык жумушчу топторго кыргыз-тажик Мамлекеттик чек арасынын жогоруда көрсөтүлгөн тилкелеринин долбоордук сызыгын  2021-жылдын 5-9-майында жазып чыгуусун тапшырды.

Буга катар Тараптардын жумушчу топтору 2021-жылдын 17-майына чейин Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Көк-Таш, Көк-Терек, Ак-Сай жана Лейлек районунун Максат, Кулунду калктуу пункттарында, ошондой эле Тажикстан Республикасынын Согдий облусунун Исфара шаарынын Чоркух, Сомониён, Ходжаев Аъло, Гафуров районунун Овчи Калача Бабаджан тилкелеринде топографиялык иштерди жүргүзүүгө жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук сызыгын  жазууга киришет.

Тараптар макулдашкандай, делимитация, демаркация жана кыргыз-тажик Мамлекеттик чек арасын юридикалык жактан тариздөө процесси жыйынтыкталганга чейин жарандардын тоскоолдуксуз кыймылы, Тажикстан Республикасынын транспорттук каражаттары жана жүктөрүнүн өтүүсү үчүн Капчыгай (Танги) калктуу пунктунун чыгыш тарабын айланта «Ходжаи Аъло – Ворух» жолу биргелешип курулат жана тажик тарап аны пайдаланат. Аталган автожолдун статусу эки өлкөнүн өз алдынча мамлекеттик келишимдери менен аныкталат.

Тараптар көрсөтүлгөн автожолдун курулушу тууралуу макулдашууга келди жана топографиялык жумушчу топторго долбоордук уюмдар менен биргеликте 2021-жылдын 1-июнуна чейин Баткен районунун иш жүзүндө пайдалануучу жерлеринде аталган тилкесинде талаа-изилдөө жумуштарын жүргүзүүсү тапшырылды.

Тараптар Капчыгай (Танги) калктуу пунктунун чыгыш тарабынан айланма «Ходжаи Аъло – Ворух» автомобиль жолунун курулушу жыйынтыкталган соң Ворух тилкесинде кыргыз-тажик Мамлекеттик чек арасынын өтүүсүнүн долбоордук сызыгын жазууга киришүүнү макулдашты.

Тараптар бир тууган элдердин байыркы тарыхына таянуу менен бардык чек ара маселелерин өз-ара ишеним жана өз-ара түшүнүшүү негизинде чечүүгө даярдыгы тууралуу билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: