Menu

Улукбек Марипов: “Кыргыз Республикасы биргелешкен кыргыз-корей ишканаларын түзүүгө кызыкдар”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасындагы Корея Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ха Тэ Ёк менен анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер кабинетинин Төрагасы Элчиге жемиштүү иши жана Кыргыз Республикасы жана Корея Республикасы аралык эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Министрлер кабинети эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана кеңейтүү үчүн күч-аракетин жушайт. Биз өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн жогорулатылышына, ошондой эле биргелешкен ишканаларды түзүүгө, корей компанияларынын филиалдарынын ачылышына кызыкдарбыз. Кыргыз Республикасы коронавирус инфекциясы пандемиясы башталган учурдан тарта Корея Өкмөтү тарабынан көрсөтүлүп жаткан медициналык багыттагы гуманитардык жардамды жогору баалай тургандыгын белгилеп кетүү маанилүү. Сиздердин өлкөдөн жардам Өкмөттүн расмий линиясы боюнча гана эмес, ар кыл жеке уюмдардан, бирикмелерден жана кош көңүл эмес жарандардан түшүп жатты, бул биздин өлкөлөрдүн элдери ортосундагы достуктун ачык далили болуп саналат», – деди ал.

Улукбек Марипов кореялык тарапка Кыргыз Республикасына демократиялык кайра уюштурууда үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүүсү үчүн ыраазычылык билдирди жана заманбап технологияларды пайдалануу менен ачык шайлоолорду өткөрүүдө мындан аркы жемиштүү кызматташтыкка ишеним билдирди.

Кыргыз Республикасындагы Корея Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ха Тэ Ёк өз кезегинде белгилегендей, Кыргыз Республикасы Корея Республикасы үчүн – өзгөчө өнөктөш болуп саналат.

Ал корей тараптын Кыргыз Республикасы менен мындан ары карай кызматташтыкты өнүктүрүүгө, биргелешкен ишканаларды, атап айтканда, логистикалык борборлорду, өндүрүш ишканаларын түзүүгө, ошондой эле туристтик жана банк тармагында уюмдарды түзүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки республиканын мындан аркы кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Элчи Ха Тэ Ёкуну Кыргыз Республикасы жана Корея Республикасы ортосундагы эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: