Баткен облусунун аймагында кырдаалдын кесепетинен зыян тарткан курулуштар боюнча 136 турак-жай жана 84 объектке зыян келтирилди. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүнкү күнү келтирилген материалдык чыгымдар боюнча ӨКМ атайын комиссия түзүп, тактоо иштерин алып барууда.
“Чыгымдар такталууда. Такталган маалыматка ылайык: 136 турак-жай, 27 май куюучу жай (АЗС), 34 соода түйүнү, 5 ашкана, 3 тойкана, 1 мектеп, 1 ФАП, 2 дарыкана, 1 бала бакча, 1 китепкана, 1 медициналык борбор, 1 стоматология жана 7 мамлекеттик имараттар”, – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, чек ара жаңжалында 190 кыргызстандык жапа чегип, 36 адам каза болду. Окуя болгон жерден 40 миңден ашуун жай тургун эвакуацияланган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ