Menu

ИИМ: Чек арадагы абал менен жарандардын коопсуздугу милициянын толук көзөмөлүндө

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-майга карата Баткен облусунун аймагында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул аралыкта чек арага чектеш аймактарда түнкүсүн ок атышуулар менен башка окуялар катталган жок. Чек арага чектеш  айылдар милиция кызматкерлеринин толук көзөмөлүндө. Коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча уюштуруучулук иштерге өзгөчө көңүл бурулууда.

Чек ара тилкелеринде милиция жана ички аскерлердин аскер кызматчылары, башка күч түзүмдөрү менен биргеликте коопсуздук чараларын күчөтүп,   жергиликтүү тургундарга ар кандай укук бузууларга жол берөө керектигин түшүндүрүүдө.

Андан сырткары, милиция кызматкерлери менен ички аскерлердин аскер кызматчылары күнү-түнү кызмат өтөп,  кырдаалды жөнгө салуу боюнча чараларды көрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Азыркы учурда чек арадагы абал тынч.

ИИОнун кызматкерлери жана ички аскерлердин аскер кызматчылары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коомдук тартип менен коопсуздукка өзгөчө көңүл бурууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: