Menu

Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылгандар Алматыдагы Кытай банкына барышты

Бөлүшүү:

Шинжаңда калган туугандарын бошотууну талап кылган бир топ киши 6-майда Алматыдагы Кытай банкынын имаратынын алдына барды.

Кытайда мыйзамсыз камалган, дайынсыз жоголгон же Казакстанга өтө албай калган туугандарынын сүрөтүн кармаган ончакты адам банктын алдында “Боштондук”, “Казактар террорист эмес”, “Туугандарыбыз бошотулсун!” деп кыйкырышты. Алар кээ бир талаптарын кытай тилинде да айтышты. Нааразы топтун ичинде балдар да болду.

– Кытай Казакстанды террордук корунуч жараткан 26 мамлекеттин арасына киргизген. Ошондуктан кимден ким Казакстанга барса, террорчу деп эсептешет. Биздин туугандарыбызды ушунтип кармашып, соттошуп, куугунтуктап жатышат. Эгер Казакстанга казактар барып келсе, террорчу деп саналып, кытайлыктар барса, “дос мамлекетке барып келди деп айтылат” экен. Бул эмне деген теңсиздик! Казактар Казакстанга бара албаса, кытайлар да келбей эле койсун. Казакстанда Кытайдын мунай компаниялары, улуттук банктары, мейманканалары бар. Эмне үчүн алар иштеп жатышат? Эгер Кытай консулдугу жооп бербесе, биз күн сайын Казакстандагы Кытай объектилерине барып нааразылык билдиребиз, – деди активист Байболат Күнболатулы.

Кытайда 1,5 миллионго жакын казак жашайт. Алардын көбү өлкөнүн түндүк-батышындагы Шинжаң аймагына отурукташкан. Бул аймакта уйгурлар, казактар жана кыргыздар сыяктуу жергиликтүү мусулман коомчулугунун жүз миңдеген өкүлү атайын ”лагерлерде” негизсиз кармалып турганы 2017-жылдан бери кабарланып келет. 2018-жылы Бириккен Улуттар Уюму Шинжаңдагы «лагерлерде» бир миллионго жакын уйгур жана башка аз улут өкүлдөрү бар экенин билдирген. Айрым маалыматтар боюнча камактагылар өз дининен, маданиятынан жана тилинен баш тартууга мажбурланышат.

Кытай бийлиги мындай жайларды экстремизмге, терроризмге каршы күрөштүн алкагындагы “тарбиялоочу, кесипке үйрөтүүчү жайлар” катары сыпаттайт жана куугунтук тууралуу дооматтарды четке кагып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: