Menu

Ысык-Көлдүн милициясы коронавируска каршы вакцина алууда

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын өздүк курамына коронавирустук инфекцияга каршы вакцина менен эмдөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Вакцина менен эмдөөнүн биринчи этабына эч кандай медициналык каршы көрсөтмөсү жок милиция кызматкерлерине уруксат берилди. Биринчилерден болуп, калк менен түз байланышта кызмат өтөшүп, инфекцияны жуктуруп алууга коркунучу бар болгон милиция кызматтары эмдөөдөн өтүшүүдө.

Алардын ичинде, милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү, кайгуул-күзөт кызматкерлери, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрү жана башка кызматтардын кызматкерлери.

Вакцина менен эмдөөнүн алдында Ысык-Көл облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун медициналык кызматкерлери милдеттүү түрдө дененин температурасын жана кан басымын өлчөө менен милиция кызматкерлерин текшерүүдөн өткөрүшөт. Каршы көрсөткүчтөрү бар милиция кызматкерлерге эмдөөгө тыюу салынат.

Дарыгерлердин айтымында, эмдөөдөн өткөн адамдар дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат, алар башкаларга коркунуч жаратпайт жана кызматын уланта алышат.

«Медициналык кароодон кийин мен вакцинанын биринчи компонентин алдым. Ден-соолугумдун абалы жакшы, азыр кызмат ордумда кызмат өөп жатамын. Вакцинация инфекция менен күрөшүүгө жардам берет деп ишенем. Чындап айтканда, пандемия башталгандан бери медициналык кызматкерлер менен менин кесиптештерим коронавируска каршы күрөшүүдө алдыңкы катарда туруп келишти. Алар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөштү. Милициянын жана дарыгерлердин ишмердүүлүгү бир мүнөткө да токтогон жок. Ошондуктан, вакцина менен эмдөө милиция кызматкерлери үчүн жуктуруу коркунучун жокко чыгарат, өздөрүнүн үй-бүлөө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздандырат”, – дейт, биринчилерден болуп эмдөөдөн өткөн Ысык-Көл ОИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Мирбек Таабалдиев.

Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлерди вакцина менен эмдөөдөн атайын түзүлгөн графиктин негизинде этап-этабы менен өтүшмөкчү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: