Menu

Кыргызстанда дагы 385 адамдан коронавирус жана пневмония табылып, 3 бейтап каза болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-майга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 385 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 226, Ош – 12, Чүй облусунан – 108, Ош облусунан – 4, Нарын облусунан – 16, Ысык-Көл облусунан – 15, Баткен – 4. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 97 663 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 348 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 90 959га жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 244, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 76, Ош облусунан – 7, Талас облусунан – 4, Нарын облусунан – 7, Ысык-Көл облусунан – 1, Жалал-Абад облусунан – 5, Баткен облусунан – 2.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 1, Чүй облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 1. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1643кө жетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: