Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын (ЭММКАК) кызматкерлери тарабынан оң рулдуу “Хонда Фит” автоунаасын сол рулдуу кылып каттагандар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Бул факты Жалал-Абад ОИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 329-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө амалдары жүргүзүлгөн.
Тергөөнүн жүрүшүндө “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн адиси 1967-ж.т. Б.И. Кыргыз Республикасынын аймагында рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарын каттоого тыюу салынганына карабастан, 2008-жылы Японияда чыгарылган ак түстөгү “Хонда Фит” автоунаасынын рулу оң жакта экендигин билип туруп, сол жакта деген маалыматтарды киргизип, автоунааны мамлекеттик каттоодон мыйзамсыз өткөргөндүгү аныкталган.
Аталган факты Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан тергелип, соттун кароосуна жиберилди.
Ошондой эле азыркы учурда Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан ушундай эле факты менен дагы бир кылмыш иши тергелүүдө. Анда “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан 2009-жылы Японияда чыгарылган көк түстөгү “Хонда Фит” автоунаасынын рулу оң жакта экендигине карабастан, сол жакта экендигин көрсөтүп, автоунааны мамлекеттик каттоодон мыйзамсыз өткөрүлгөндүгү белгилүү болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ