Menu

1-майдан тарта чек арачылардын айлык маянасы көтөрүлөт

Бөлүшүү:

1-майдан баштап УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлеринин айлык акылары орто эсеп 5 миң сомго көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, чек арачыларга, аскер кызматкерлерине жана башка коопсуздук кызматкерлерине эмгек акыны жогорулатуу маселеси кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалга чейин эле каралып келген. 

Кармышаков өкмөттүн токтомунун долбоору даярдалып жаткандыгын, ага ылайык бир жылга кошумча 700 миллион сом талап кылынгандыгын маалымдады.

“Бул УКМКнын Чек ара кызматы үчүн гана. Кечээ биз министрлер кабинетинин башчысы менен да талкууладык. Маселе дээрлик чечилди, буйрукка кол коюу гана калды”, – деди ал.

«Кыязы, 1-майдан тарта чек арачылардын айлыгын көбөйтүп, аны УКМКнын кызматкерлеринин айлыгына теңейбиз, анткени бул эки департамент бирикти. Майдан декабрга чейин бул үчүн болжол менен 460 миллион сом талап кылынат », – деп кошумчалады ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: