Menu

АКШдагы кыргызстандыктар Баткенде жабыркагандар үчүн 190 миң доллар чогултушту

Бөлүшүү:

АКШдагы кыргыз диаспорасы Баткен облусундагы жабыркагандарга жардам берүү үчүн жигердүү акча чогултуу иш-аракеттерин колдоону улантууда. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Диаспоралардын өкүлдөрү 6-майга карата АКШнын ар кайсы шаарларында жана региондорунда жашаган мекендештер төмөнкүдөй суммага каражат топтошконун билдиришти.

– Нью-Йорк (Нью-Йорк штаты) – 22,0 миң АКШ доллары (+ 1-347-852-1941 – Турат);

– Огайо штаты – 20,0 миң АКШ доллары (+ 1-513-265-6251 – Алтынбек);

– Питсбург (Пенсильвания) – 10,0 миң АКШ доллары (+ 1-213-500-9408 – Басызбек);

– Филадельфия (Пенсильвания) – 20,0 миң АКШ доллары (+ 1-267-212-6775 – Азиз);

– Чикаго (Иллинойс) – 105,0 миң АКШ доллары (+ 1-312-610-3018 – Кыял);

– Чикаго (Иллинойс) – 14,0 миң АКШ доллары (+ 1-267-333-5219 – Каныбек).

Америка Кошмо Штаттарындагы диаспора өкүлдөрүнүн айтымында, кандайдыр бир суроолор пайда болсо же каражат чогултууга колдоо көрсөтүү ниети пайда болсо, мекендештер жогоруда аталган телефон номерлерине кайрылышса болот.

Элчилик АКШ аймагында жашаган мекендештерге Баткен облусунун тургундарына баа жеткис жардамы үчүн терең ыраазычылыгын билдирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: