Menu

Нидерланды Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөшүүгө 100 миң евро акчалай каражат бөлүп берди

Бөлүшүү:

Кечээ, 6-майда Кыргыз Республикасынын Нидерланды Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муктар Джумалиевдин Нидерланды Тышкы иштер министрлигинин Европа Департаментинин Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча бөлүм башчысынын орун басары Рейн Деккерс мырза менен видео конференция форматында жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы келечеке багытталган пландарды жана өз ара аракеттенүүсү тууралуу талкуулашты.

Тараптардын ортосундагы маселени иштеп чыгуунун жыйынтыктары боюнча нидерланддык тарап Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөшүүдө, тактап айтканда, керектүү дары-дармектерди сатып алууга жардам берүү үчүн 100 миң евро акчалай каражат бөлүп берди.

Кыргыз Республикасынын Элчиси М.Джумалиев Нидерланды тарабынан көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирип, коронавирус пандемиясынын жаңы толкундун чыгышында анын маанилүүлүгүн белгилеп өттү.

Тараптар ошондой эле тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы саясий байланыштарды жандандыруу жана активизациялоо маселелерин, ошондой эле  ушул жылы эки тараптуу консультацияларды өткөрүүнү талкуулашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: