Menu

Тажикстан менен Кыргызстан коңшу өлкөнүн паспортун алып жүргөн жарандарды депортациялоодо

Бөлүшүү:

“Эркин Европа” радиосу кыргыз бийлиги акыркы бир нече күндө тажик паспорту бар 42 кишини өлкөдөн депортациялаганын жазды. Маалыматка караганда, алардын көбү Тажикстандын Лахш районунда жашаган кыргыздар жана Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда окуган студенттер.

Лахш районунун төрагасы Файзулло Баротзода депортация болгондорду жеке өзү тажик-кыргыз чек арасында тосуп алганын тастыктады. «Алардын баары коронавируска тест тапшырды. Азыр үйлөрүндө. Алардын арасында балалуу жаш үй-бүлө бар, калгандары студенттер. Бешөө кош жарандуу экен», – деген район башчысы.

Лахш районунун жергиликтүү бийлиги жарандар Кыргызстандан 3-4-6-майда депортация болгонун белгилеген.

Кыргыз өкмөтү Тажикстандын Лахш районунун жашоочуларынын депортацияланышы жөнүндө азырынча маалымат бере элек.

Тажикстандык студент Фируз Немаров коронавируска байланыштуу абал начарлап кеткендиктен үйүнө жөнөтүшкөнүн билдирди.

«Бизге эпидемиологиялык абал жакшыргандан кийин гана келе ала турганыбызды айтышты», деп кошумчалады ал.

Бул арада кыргыз басылмалары – Eurasia Today, “АкиПресс” жана 24.kg Тажикстан Лахш районундагы кыргыз паспорту бар жашоочуларды депортациялап жатканын жазышты. 24.kg алардын туугандарынын айткандарына таянуу менен тажик бийлиги паспортун алмаштыруудан баш тарткандарды депортациялап жатканын кабарлады.

«Дароо белгилеп коелу, эч ким мажбурлаган жок, кысым жок. Кыргызстан жарандарын акимчиликке чакырып, кыргыз паспортунан баш тартууну, бир айда тажик паспортун алууну сунушташууда. Көбү макул болуп, Тажикстанда калды. Каршы болгондорду өлкөдөн чыгып кетүүнү сурашты. Бирок Тажикстандын чек ара кызматы алардын балдарын өткөргөн жок, себеби алардын тажик документтери бар. Бүгүн балдарды Тажикстанда калган чоң апа, чоң аталарына беришкенин билдик», — дешти алар.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги Лахш районунда кыргыздарга карата паспорттук көзөмөл күчөгөнү тууралуу маалыматтарды четке какты.

Лахш (мурдагы Жергетал) районунда 57 миң киши жашайт, алардын 30 миңден көбү кыргыздар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: