Menu

Блинкен: АКШ Украинага кошумча аскердик жардам берүү маселесин карап жатат

Бөлүшүү:

Кошмо Штаттар Кремлдин агрессиясына каршы кошумча аскердик жардам көрсөтүү боюнча Киевдин өтүнүчүн кароодо. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен билдирди.

Киев АКШдан абадан коргонуу системаларын жана снайперге каршы технологияларды сураган. Мындан тышкары кеп Patriot ракеталарын Украинада жайгаштыруу жөнүндө болуп жатат.

Блинкен 6-майда Киевде “Эркин Европа” радиосунун украин кызматына интервью берип жатып, Пентогон Украинага кошумча жардам берүү маселесин карап жатканын айткан.

5-майда Мамлекеттик департамент жарыялаган билдирүүдө 2014-жылдан бери АКШ Украинага 4,6 миллиард доллардан көп жардам көрсөткөнү жазылган.

Украинанын чыгышындагы эки облустагы жаңжалдан жети жылда 13 миңден ашуун киши өлдү.

Блинкендин Киевге болгон сапары Орусия Украинанын чек арасынан алыс эмес жерде 100 миңден ашык аскерин жайгаштыргандан кийинки маалга туш келди. Блинкендин айтымында, Орусия аскерлеринин жана техникаларынын бир бөлүгүн алып кетти, бирок басымдуу бөлүгү чек арага жакын жерде калууда жана Украинага олуттуу коркунуч жаратууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 53 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: