Menu

Бакыт Шаршеев өлкөнүн түштүгүндөгү 5 аэропорттун ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты

Бөлүшүү:

“Манас” эл аралык аэропорту” ААК Башкармалыгынын төрагасы – башкы директор  Бакыт Шаршеев Кыргызстандын түштүгүндө болгон иш сапарында  “Ош”, “Баткен”, “Жалал-Абад”, “Исфана” жана “Караван” аэропортторунун ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда  “МЭА” ААКтын басма сөз кызматы билдирди.

Инфраструктуралык объектилерди текшерүү учурунда ал аэропорттун кызматкерлери менен жолугушту.

Жолугушуу жемиштүү болуп өттү. Б.Шаршеев жамааттын каалоолорун жана сунуштарын кабыл алып, жакынкы келечекке пландаштырылган иштер жана долбоорлор жөнүндө айтып берди.

Бул Б.Шаршеевдин “МЭА” ААКнын объектилерине жасаган биринчи гана сапары эмес. Башкармалыктын Төрагасы жамаат менен мындай жолугушуулар үзгүлтүксүз болуп тураарын, кызматкерлер компаниянын жетекчилигине өз сунуштарын жана каалоолорун ачык айта алышаарын белгилеп кетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: