Menu

Уурдалды делген Изат Курбанова Беш-Күнгөй айылынан табылды

Бөлүшүү:

Уурдалган Изат Курбанова аман-эсен табылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы  билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй ОИИБнин жана Аламүдүн РИИБдин ыкчам кызматкерлери кызды Беш-Күнгөй айылындагы үйлөрдүн биринен  саат 16:30дар чамасында табышты.

Кызды табуу үчүн милиция кызматкерлери Бишкек шаары жана Лебединовка районундагы мейманканаларды, ташталган имараттарды, талааларды ж.б. бардыгын текшерип чыгышкан. Натыйжада, кыз Беш-Күнгөй айылында жайгашкан үйлөрдүн биринен табылган.

Белгилей кетсек, Изатты 5-майда кечки саат он бирлерде “уурдап кетишкен”. Аны Лебединовка айылындагы супермаркеттердин биринин жанынан белгисиз адамдар уурдап, Toyota Estima үлгүсүндөгү автоунаага салып кетишкен.

Бул боюнча кыздын сиңдиси милицияга арыз жазып, факт КЖБРге  адам уурдоо беренеси боюнча катталып, “перехват” планы жарыяланган.

Уурдоого шектүүлөрдүн бири Абдумалик Мамаяров болгон. Ал Изат менен сүйлөшүп жүргөн жана үйлөнүүнү пландап жүрүшкөн. Бирок, буга кыздын ата-энеси каршы болгон.

Уурдалды делген Изат кечээ күнү ата-энесине кайрылып, өз эрки менен кеткенин айткан. Анын видеокайрылуусу социалдык тармактарда жарыяланган. Анда ал бары жакшы экенин, Абдумаликти сүйөрүн айтып, ата-энесинен кечирим сураган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

− 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: