Menu

“Кумтөр” компаниясы экологияны бузганы үчүн мамлекетке 261,7 миллиард сом төлөп берет

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-майда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд Компани” ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261 миллиард 719 миллион 674 сомду өндүрүү жөнүндө чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун чечиминде айтылат.

Жергиликтүү төрт тургун – Айбек Сарыбаев, Наристе Калчаев, Аблас Жээнбеков жана Кембелек Кутманов “Кумтөр Голд Компани” ЖАКты сотко беришкен.

Нет описания.

Алардын компанияга койгон дооматы – “Кумтөр Голд Компани” ЖАК, Кыргыз Республикасынын экологиялык мыйзамдарын бузуу менен, Кумтөр кениндеги таштандыларды Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө көп жылдар бою сактап келген. Компания  көп жылдан бери мөңгүлөргө 1,2 миллиард тонна таштанды төккөн. Компаниянын иш-аракеттеринин натыйжасында, бүгүнкү күндө 183 миллион куб метр муз талкаланган.

Белгилей кетүүчү нерсе, жергиликтүү тургундар буга чейин компанияны жоопко тарттыруууга аракет кылышкан. Бирок, 2017-жылы юридикалык жана жеке жактарга экология боюнча доо арыз жазууга тыюу салган өкмөттүн токтому кабыл алынган. Тургундар бул Конституцияга каршы келгенин жана алардын конституциялык укуктарын бузганын айтып, токтомдун ушул пунктун жокко чыгарууну талап кылышып, сотко кайрылышкан. Ал жокко чыгарылгандан кийин гана жергиликтүү тургундар компанияны сотко берген.

Сот компаниянын иш-аракетин мыйзамсыз деп таап, мамлекетке 261 719 674 сом төлөп берүүсүн милдеттендирди. Ошондой эле, “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунан 1 миллиард 308 миллион 653 миң 370 сом өлчөмүндө мамлекеттик алым өндүрүлөт.

Белгилей кетсек, бул биринчи инстанциядагы соттун чечими жана компания бул чечеимге каршы 30 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна даттана алат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: